Кыргызстандыктарды келерки жумада узак дем алыш болот. Айдын башында үч майрам белгиленет: 1-май – Эмгек күнү; 5-май Конституция күнү, 9-май Жеңиш күнү.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-майдан 5-майга чейин беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлери үчүн узак эс алуу күндөрү белгиленет. Ошондой эле, 9-май расмий иш эмес майрам болуп саналат.
Кыргызстандыктар 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-майда (дүйшөмбү), ал эми 3-майдын (жума) ордуна 11-майда (ишемби) иштешет.
Алты күндүк иш жумасында иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн