Быйылкы жылдын башынан бери Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жүз жылдыгынын алкагында 100 жаңы ишкана ачуу пландалууда. Бүгүнкү күндө алардын көбү ачылып бүтсө, дагы 30у 31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы пландалууда. Бул тууралуу 19-августта Экономика министрлигинин тармактык башкармалыгынын башкы адиси Элдос Сагымбаев билдирди.
Сагымбаевдин айтымында, буга чейин ачылган объектилердин арасында ГЭСтер сыяктуу энергетика тармагындагы ишканалар, ошондой эле тамак-аш, курулуш, машина куруу жана башка тармактардагы ишканалар бар.
«Ачылышы пландалган олуттуу ишканалардын бири "Терек-Таш" цемент заводу болуп саналат, ал экологиялык жактан таза, экологияга зыян келтирбеген жаңы технологияларды колдонуу менен иштейт.
Сокулукта дагы "Биовит" заводунун жаңы цехи ачылууга даярдалып жатат, анда калк арасында популярдуу болгон суюк туз эритмеси чыгарылат», - деп түшүндүрдү ал.
Сагымбаев кошумчалагандай, мындай ири ишканалардын ачылышы акыркы 30 жылда болгон эмес.
«Жылдын аягына чейин 100, андан да көп ишканаларды ача алабыз деп ишенебиз», - деди Сагымбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн