Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:58
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын ИДПсы өткөн жылга салышырмалуу төмөндөдү

11.06.2021 11:09
2415
Кыргызстандын ИДПсы өткөн жылга салышырмалуу төмөндөдү

Кыргызстанда 2021-жылы январь-май айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 215 млрд сомду түзүп, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1,6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйынында статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.


Анын айтымында, Кумтөр кенин иштертүү боюнча ишкананы эсепке албаганда ИДПнын көлөмү болжол менен 192 млрд сомду түзүп, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5%га көбөйгөн.

“2021-жылы январь-май айларында өндүрүш продукциясынын көлөмү 127 млрд сомго жакын болуп, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу фармацевтикалык продукцияны өндүрүү көлөмүнүн 41%га, химиялык продукция- 31,6%га, негизги металлдарды жана унаа жана жабдыктардан тышкары даяр металл буюмдарды чыгаруу 29,4%га, андан тышкары пайдалуу кен байлыктарды казуунун 4,3%га кыскаруусунун эсебинен 9,7%га азайган”,-деп маалымат берди адис.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн