Бугу 10, 2024
Убакыт: 17:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Арменияны да тейлейт

20.09.2021 17:03
1040
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Арменияны да тейлейт

Мындан ары Кыргызстандын Россиядагы элчиси Арменияны да тейлейт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.


Сунуш Тышкы иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн.


Депутат Тазабек Икрамов Россиядагы элчи Россиянын өзүндөгү маселени чече албай жатса, Арменияны кошуп берүү туура эмес болорун белгиледи жана Азербайжандагы элчиликке ушундай функция кошууну сунуштады.


Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамиледен мындай кадамга баруу мүмкүн эмес экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн