Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 02:33
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кыргызстандын Россиядагы элчиси жарандарыбыз кандай суроолор менен кайрылып жатканын айтты

16.04.2020 19:43
1235
Кыргызстандын Россиядагы элчиси жарандарыбыз кандай суроолор менен кайрылып жатканын айтты


Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жарандарыбыз кандай суроолор менен кайрылып жатканын Мир 24 телеканалына берген маегинде айткан.


Элчинин айтуусуна караганда алгач көбүнчө өлкөгө кетүү боюнча кайрылышкан. Ал эми азыр болсо медициналык кызматтар, жашаганга жер жана тамак-аш маселелери боюнча кайрылып жатышат.


“Учурда абал оор, мындан улам телефон чалуулар күн сайын өсүүдө. Эгерде алгачкы күндөрү 20-30дан чалуулар келип жаткан болсо, азыркы учурда кайрылуулар 400-500гө жетти. Биз жардам берүүгө аракеттенип жатабыз, бирок Россия жана Кыргызстан  чыңалган абалда турат, ресурстар чектелген. Буга карабастан диаспоранын жана жердештерибиздин жардамы менен биздин жарандарыбызга ар тараптуу жардам берүүгө аракеттенип жатабыз”, - деген Жекшенкулов.

 

Ошондой эле, 17-марттан баштап Россиядан (Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Новосибирск, Екатеринбург) 5520 адам кайтканын, дагы миңге жакын адам Москва, Новосибирск жана Оренбургда кете албай турганын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн