Бугу 02, 2024
Убакыт: 02:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 8,6%га өстү

26.10.2023 12:42
720
Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 8,6%га өстү


2023-жылдын жети айында Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 8,6%га өстү. Бул тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кеңейтилген жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымына караганда, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга инвестициянын жалпы агымынын 55%ы ШКУ өлкөлөрүнөн келген.

"Ошону менен бирге, өсүштүн оң динамикасына карабастан, Кыргызстан менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы өтө жогорку потенциалга ээ болгон соода-экономикалык өз ара аракеттенүү толук ишке ашырыла элек, бул соода байланыштарын тереңдетүү боюнча мындан аркы чараларды талап кылат", - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Иш-чарага Беларусь премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын ремьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн