Бугу 21, 2024
Убакыт: 23:14
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги Тажикстанда абакта отурган жарандардан кабар алды

10.05.2022 07:36
932
Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги Тажикстанда абакта отурган жарандардан кабар алды

6-7-майда Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Тажикстан Республикасынын жаза өтөө мекемелеринде жазасын өтөп жаткан КРнын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ТРнын Вахдат шаарындагы 1-ЖӨМ, Душанбе шаарындагы 4-ЖӨМ жана Явон районундагы 6-ЖӨМ жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын 4 жараны менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери КРнын жазасын өтөп жаткан жарандарын кармоонун шарттары менен таанышышкан. КРнын соттолгон жарандарына алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын комплекстүү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.


Мындан тышкары, мекемелерге баруунун алкагында Элчилик тарабынан ТРнын компетенттүү органдары менен өз ара байланышта КРда жашаган туугандары менен соттолгон КР жарандарынын видео байланышы уюштурулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн