Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстандын аймактарында жаан жаайт, - 17-июнга карата аба ырайы

17.06.2020 08:30
806
Кыргызстандын аймактарында жаан жаайт, - 17-июнга карата аба ырайы


Бүгүн, 17-июнда жана 18-июнда туруксуз аба ырайы күтүлөт. «Кыргызгидромет» борбору маалымдагандай, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бүгүн түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 22...27;

Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24 градус жылуу болот.

17-июнда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16.…18°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27° жылуу болот. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн