Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 12:14
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Кыргызстандын бюджетинин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү

15.06.2020 18:14
549
Кыргызстандын бюджетинин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү

Кыргызстандын республикалык бюджетинин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү.  Бул тууралуу финансы министринин орун басары Марлен Амандыков 15-июндагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 5 айында кирешелер 40 млрд 996 млн сом суммасына аткарылды, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө карата 11 млрд 199 млн сомго аз. 


"Бул мезгилдеги чыгашалар 54 млрд 348 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд 867 млн сомго көбөйгөн. 5 айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин тартыштыгы 13 млрд 352 млн сомду түздү», - деди Амандыков. 


Анын айтымында, бюджеттик каражаттардын калдыгы 9 млрд 750 млн сомду түздү – бюджеттик каражаттар 5,5 млрд сом жана атайын каражаттар 4 млрд 200 млн сом.


«Бюджеттин дефицитин каржылоо булактары боюнча аткарылышы 23 млрд сомду түздү. Алардын ичинен 4 млрд 700 млн сом – бул ички каражаттар жана 18 млрд 382 млн сом – тышкы булактар. Анын ичинен 17 млрд сом – бул Эл аралык Валюта фондунан алынган насыя», - деп белгиледи ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн