Японияда Дүйнө Чемпионатына тандап алуу турунун алкагында оюн өткөрүүгө барган Кыргызстандын улуттук курама командасы Монголияга каршы дарбазачысыз ойнойт. Бул тууралуу футбол союзу билдирди.
Маалыматка караганда, дарбазачылар коронавируска шектелүүдө. Анын ордуна дарбазага коргоочу позициясында ойногон футболчу дарбазага турат.
- Кыргызстандын машыктыруучулар штабы, администрация жана оюнчу — Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар — Эржан Токатаев, Кадырбеков Кутман, Кашуба Валерий «коронавирус инфекциясын жуктурган» деп шектелгендердин тизмесине киришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн