Бүгүн, 8-июлга карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын жалпы саны 8486га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтмында, акыркы суткада СOVID-19 инфекциясынын жаңы 345 учуру катталса, 67 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2983 адамды түздү.
Аймактардагы бейтаптардын саны:
- Бишкек шаарында – 3617;
- Чүй облусунда – 1545;
- Ош шаарында – 878;
- Нарын облусунда – 586;
- Ош облусунда – 586;
- Жалал-Абад облусунда – 501;
- Ысык-Көл облусунда – 258;
- Баткен облусунда – 193;
- Талас облусунда – 82;
- Соль-Илецк шаарынан келген 119 адам;
- Россиядан келген 100 курсант;
- Россиядан келген 21 жаран.
Пикирлер (1)