Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-мартында КР УКМК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында, КР Ички иштер министрлиги менен биргеликтеги иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусунан коңшу мамлекеттин 2 жараны кармалды.

Такталгандай, аталган жарандар март айынын башында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өткөрүү пунктунан тышкары жерден, тагырагы Талас облусунун чек ара айылдарынын бири аркылуу мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.

Бул факты боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

Кармалган адамдар Талас облустук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн