Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:37
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандын муфтийи TikTok'то ич кийимчен бийлеген эркектерди тилдеди (видео)

08.08.2023 15:12
310
Кыргызстандын муфтийи TikTok'то ич кийимчен бийлеген эркектерди тилдеди (видео)


Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев TikTok'то ич кийимчен бийлеген эркектерди тилдеди. Анын сөзүнүн видеосун САМКнын басма сөз кызматы жарыялады.


«Интернетте сакал койгон эркектер аялдардын ич кийимдерин кийип алышууда, бул үчүн акча берилет деп жатышат. Кудайдан корккула. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтты: «Атайлап аялга окшош болгусу келген эркекке, эркекке окшош болгусу келген аялга Алланын наалаты болсун». Келгиле туугандар, эсибизге келели. 5 - 10 тыйындын айынан намысыңды, фамилияңды шерменде кылуунун, тебелетүүнүн кереги жок. Мындан коом жана жакындарыңыз жабыркап жатат”, - деди Замир Ракиев.


Өлкөнүн баш муфтийи дагы мындай аракеттер Кыргызстанды башка мамлекеттердин алдында уят кылып жатканын белгиледи. Замир Ракиев ошондой эле жарандар намаз окуп, мусулман кийимин кийгендердин алдамчылык фактылары боюнча УКМКга арызданып жатканын билдирди.


«Дин башка, байлык башка. Аларды аралаштыруунун кереги жок. Ким эле мечитке барбайт. Мусулмандын кейпин кийип, элди алдагандарга кайрылам, мындай кылбагыла. Силерге ырайым болбойт. Алла Таала бизди күнөө иштерден сактасын», - деди муфтий.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн