Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 18:50
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысын кабыл алды

14.06.2022 16:29
964
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысын кабыл алды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилланы кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Майкл Курилла Кыргызстанга эл аралык визитинин алкагында таанышуу сапары менен келген.


Жолугушууда Афганистандагы кырдаалдын алкагында чек араларды бекемдөө жана трансулуттук коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.


Министр Кулубаев аймактык коопсуздукту жакшыртуу боюнча региондук аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.


Гуманитардык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө каралды.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн