Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, 22-январдан 24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, анын ичинде Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
"Буга байланыштуу ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Ошондой эле аба ырайы тууралуу алдын ала эскертүүлөргө жана жолдордун абалына көңүл буруңуз. Кырсыкка учурасаңыз же күбө болсоңуз 112 бирдиктүү номерине чалыңыз", - деп айтылат маалыматта
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн