Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстандын төрт облусунда кызамык боюнча кырдаал күч алууда

11.03.2024 14:06
297
Кыргызстандын төрт облусунда кызамык боюнча кырдаал күч алууда


Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Жыл башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 4 855 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан кабарлашты.


Билдирмеге караганда, кызамык өзгөчө Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарында күч алууда.



"Мындан улам борбордун адистери кызамык жана кызылча ооруларына каршы кошумча эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабына даярдык көрүүнүн алкагында медицина кызматкерлери үчүн окууларды өткөрө баштады. Анда медиктер аталган дарт боюнча элге туура маалымат жеткирүүнү үйрөнүшөт. Мындай окуулар өзгөчө эмдөөдөн өтүшү керек болгон балдардын ата-энелери менен туура байланышты түзүүгө жардам берет", — деп жазылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн