Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:55
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанга 5,5 тоннадан ашык жезди мыйзамсыз ташып кирүү аракети көрүлгөн

22.01.2024 18:14
189
Кыргызстанга 5,5 тоннадан ашык жезди мыйзамсыз ташып кирүү аракети көрүлгөн


Кыргызстанга 5,5 тоннадан ашык жезди мыйзамсыз ташып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районунун аймагында К.Ж. Мавлянкулов, М.Ш. Шабданбеков аттуу кыргыз жарандарынын башкаруусундагы Merсedes Benz Sprinter 515, ошондой эле Merсedes Benz Sprinter 413 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааларды текшерип, Кыргызстандын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товардык документтери жок жүктү аныкташкан.

Товардын жалпы салмагы 5520 кг, орточо базар баасы 2 млн 953 миң 200 сомду түздү.

Чогултулган материалдар КБР МКЖ АДСга катталып, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн