Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:18
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кыргызстанга 70 миң тонна өлчөмүндө кумшекер бажы төлөмүсүз алынып келинет

19.01.2022 10:49
833
Кыргызстанга 70 миң тонна өлчөмүндө кумшекер бажы төлөмүсүз алынып келинет

Кыргызстанга 70 миң тонна өлчөмүндө ак кантты жана чийки кант алынып келинет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 140 “Ак кантка жана чийки камыш кантына карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Чечими кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымдайт.


Бул чечимге жараша Кыргызстандын аймагына 70 миң тонна өлчөмүндө ак кантты жана чийки кантты бажы төлөмүсүз ташып келүү каралган.


"Учурда Айыл чарба министрлиги тарабынан “Азык-түлүк коопсуздугу боюнча чаралар жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты. Анда министрлер кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 71 токтомуна туруктуу мүнөздөгү ак жана чийки кантты Кыргызстандын аймагына салымсыз ташып келүү көлөмүн бөлүштүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген",- деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, 2022-жылдын февраль айынан тарта ак кантты жана чийки кантты алымсыз ташып келүү көлөмү арыз ээлери арасында бөлүштүрүлөт деп болжолдонууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн