Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин келиши күтүлүүдө

13.07.2020 19:54
793
Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин келиши күтүлүүдө

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова коомдук саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча кеңешменин жүрүшүндө белгилегендей, өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кызматты модернизациялоо маселесине жетишсиз колдоо көрсөтүлүп келген.   


Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Аида Исмаилова жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Тасним Ататра өзгөчө кырдаалдар шартында коомдук саламаттыкты сактоону башкарууну колдоо максатында маалыматтык агымды жана ресурстарды координациялоо маселесин талкуулашты. 


Эл аралык медициналык-санитардык эрежерлерге ылайык (ЭМСЭ, 2005-ж.), мамлекеттер коркунучтарга жана өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу жооп кайтаруусу үчүн колдогу мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоосу тийиш. 


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасын Саламаттыкты сактоо министрлигине коомдук саламаттыкты сактоо тутумунун бирдиктүү базасын түзүүгө, программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана адистерди окутууга техникалык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти. 


Жакынкы мезгилде учурдагы абалды баалоо жана коомдук саламаттыкты сактоо тутумун санариптештирүү боюнча «Жол картасын» иштеп чыгуу үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин сапары күтүлүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн