Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 18:55
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кыргызстанга Индиянын тышкы иштер министри келди

09.06.2022 18:58
678
Кыргызстанга Индиянын тышкы иштер министри келди

Бүгүн, 9-июнда Индиянын мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Минакши Лекхи иш сапары менен Бишкекке келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата боло турган иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун, андан тышкары эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.


Минакши Лекхи Индиянын башкаруучу Bharatiya Janata Party партиясынын мүчөсү жана Индия Республикасынын парламентинин төмөнкү палатасынын мүчөсү болуп саналат.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн