Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 08:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанга Россиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз ташылып келген

21.08.2024 12:46
228
Кыргызстанга Россиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз ташылып келген


Кыргызстанга Россиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти “Беловодск” темир жол станциясына "Орион Экстра" ЖЧК тарабынан 10 вагон буудай Россиядан Кыргызстанга ташып кирүүдө бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушун аныктаган.

Фитосанитардык текшерүү учурунда жүктү коштоочу документтерде фитосанитардык сертификаттын оригиналы жана лабораториядан буудайга берилүүчү сыноо протоколу жок болуп чыккан.

Натыйжада департамент тарабынан аныкталган фитосанитардык бузуулар боюнча өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн