Кыргызстанга Россиядан медициналык каражаттар гуманитардык жардам катары келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путиндин ортосундагы жетишилген макулдашуулардын алкагында Россия Федерациясы 26-июлда гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын жиберген.
Гуманитардык жүк медициналык жабдуудан, дары каражаттарынан жана жеке коргоонучу каражаттан турат.
Алар төмөнкүлөр:
Рентгенографикалык аппарат - 5 даана;
Оксометрикалык билдиргич менен анестезиология жана интенсивдүү терапия үчүн монитор – 65 даана;
Оксометрикалык белдиргичи жок анестезиология жана интенсивдүү терапия үчүн монитор – 5 даана;
Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат - 31 даана;
Эноксапарин натрий – 49350 даана;
Олокизумаб – 550 даана;
Медициналык беткап – 100000 даана.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн