Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанга Сауд Аравиянын ТИМ башчысы алгачкы жолу келет

20.03.2022 18:13
620
Кыргызстанга Сауд Аравиянын ТИМ башчысы алгачкы жолу келет

2022-жылдын 20-21-мартында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу Сауд Аравияын тышкы иштер министри Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдык мааракесинде боло турган расмий сапардын алкагында КР президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Аакылбе Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасоо менен бирге, кыргыз-сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн