Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:38
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстанга Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы келди

28.04.2025 09:15
36
Кыргызстанга Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы келди


Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.


Ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропорттунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Түркия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси Алишер Козуев тосуп алды. 


Эскерте кетсек, 29-апрелге чейин улана турган расмий сапарынын алкагында Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошону менен катар жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган документке кол коюлары күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн