Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:15
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстанга Түркиянын Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы келди

21.09.2022 10:44
481
Кыргызстанга Түркиянын Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы келди



Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Туркиянын Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы Ыкчам башкаруу борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Түркия Жандармериясынын делегациясынын негизги курамы - Түркия республикасынын Жандармения жана жээк күзөтү академиясынын командири генерал- лейтенант Нух Көроолу, академиянын студенттер иштери боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Өзжан Мете Өзжан, академиянын стретегиясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы полковник Хайреттин Күпели, чет тилдерди окутуу бөлүмүнүн башчысы майор Харсан Мерт Йолжу, Академиянын окутуучусу, доктор Күршад Гүч жана Али Йылдырым, Түркия мамлекетининин ИИМдин Кыргызстандагы өкүлү Мустафа Ырмак ИИМдин Окуу жайларынын жана бир катар кызматтары менен таанышышты.


Ички иштер органдарынын ишин санариптештирүүнүн алкагында ведомствонун кызматтарын жаңы техникалык жабдуулар менен жабдылышы боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлгөн.

Меймандарга ИИМдин Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурулуп, ал аркылуу акылдуу камералар онлайн режиминде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды көзөмөлдөп турушат. Жаңы технологиялар милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин көзөмөлдөөгө, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.


Жолугушуунун жүрүшүндө Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Суюнбек Ниязбеков бүгүнкү күндө Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик технологияларды киргизүү артыкчылыктуу багыттары экендигин маалымдады.


 Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган заманбап инновациялык технологияларды колдонуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн