Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып келген 288 миң куту тамеки аныкталды

Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып келген 288 миң куту тамеки аныкталды

Контрабандалык тамекинин партиясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан контрабандалык тамеки буюмдарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында, ошондой эле Кыргыз Республикасына башка өлкөлөрдөн көмүскө ташылып жаткан импорттун өсүү тенденциясын эске алуу менен, жеке адамдардын контрабандалык иш-аракеттери аныкталды.


КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин ("Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү") негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыштын негизинде, УКМК кызматкерлери тарабынан контрабандалык жол менен өлкө аймагынын ички рыногуна сатуу үчүн ташылып келинген тамекилердин партиясы кармалды.


Белгилей кетсек, аталган адамдар Кыргызстандын рыногуна сатылып жаткан тамекилерди бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн, узак убакыт бою аткезчилик жол менен ташып келип жүргөнү аныкталган. Кармалган продукциянын суммасы 288 миң кутудан ашык тамекини түздү.


Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле бул мыйзамсыз ишке катышкан тараптарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн