Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 22:08
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кыргызстанга келген пакистандыктардан өлкө канча пайда тапты?

07.09.2021 16:23
854
Кыргызстанга келген пакистандыктардан өлкө канча пайда тапты?

Тышкы иштер министрлиги менен "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилери Кыргызстанга келген пакистандыктардан өлкөгө 540 миң доллар пайда түшкөнүн белгиледи.


Бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети "Манас" эл аралык аэропортунун иши боюнча маселени карады. Анда пакистандыктар тууралуу дагы кеп козголду.


Аба майдандын башкаруучулугунун башкы директору Бакыт Шаршеевдин айтымында, Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот шаарларынан Кыргызстанга 65 чартердик рейс келген. Пакистандыктардын бардыгында тең турвизасы бар.


Шаршеевдин берген маалыматына караганда, "Манас" аэропорту пакистандык туристтердин эсебинен 540 миң доллар тапты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн