Россия жана Белорус өлкөлөрү Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу кезектеги ПЧР-тесттерин кайтарымсыз берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москва 5 миң ПЧР-тест, Минск 100 даана реагенттер жана компоненттерди берген. Мындан сырткары Белорустук өндүрүүчүлөр 5 таңгак даяр тесттерди берген. Бул ПЧР-тесттер 22,5 кишинин анализин аныктоого жетери айтылды.
Ал эми, тест-системалар Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өткөрүлүп бергени маалымдалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн