Кулжа 17, 2025
Убакыт: 17:33
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келет

11.03.2025 09:44
146
Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келет


Бишкекке мамлекеттик сапар менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келет.


Президенттик администрациядан билдиришкендей, сапар 12-13-мартка белгиленген.


ЖКККББ Рахмондун келишине байланыштуу айрым жолдордо чектөөлөр киргизилерин билдирип, аларды тизмектеди:

- "Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чек арасына чейин;

- Фучик көчөсү, Бишкек шаарынын чек арасынан Чүй проспектине чейин;

- Чүй проспекти, Фучик көчөсүнөн Манас проспектине чейин;

- Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү, түштүк багытта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейин;

- “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин.


ЖКККББ айдоочуларды көрсөтүлгөн жол тилкелеринде унааларды токтотпоого чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн