Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:56
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кыргызстанга жакында Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасы алып келинет

Кыргызстанга жакында Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасы алып келинет

Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасы боюнча Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, сатылып алынган 1,1 млн вакцинанын дозасы жакынкы күндөрү Кыргызстанга атайын чартердик каттам аркылуу жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы да алып келинет.


КР министрлер уабинетинин аталган кадамы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргызстанга эмдөөлөрдү жеткирүү тууралуу өз учурундагы чечимине жараша орун алды жана өлкө тургундарын вакцинациялоо темпин тездетүүгө жана COVID-19 дарты менен ооругандардын жана андан каза болгондордун санын кыскартууга мүмкүндүк берет.


Республикага вакцинанын жеткирилиши жана калкты вакцинациялоо маселеси министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн