28-декабрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2016-жылы Киргшелк айылында үч аялдын өлүмү боюнча иштин отуруму өттү.
Сот кылмыш ишинин материалдарын карап чыгып, мурда айыпталган Лебедев А.П., Шулик Е.С., Белоусов Е.Г., Пудовкин И.И., Куликов Н.С., Гогин А.Р.ны кылмыштын курамынын жоктугунан улам күнөөлүү эмес деп тапты.
“Белоусов кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза колдонбостон кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2016-жылы Чүй облусунун Киргшелк айылындагы үйлөрдүн биринде үч аял – үйдүн ээси, эжеси жана анын кош бойлуу кызы киши колдуу болгону аныкталган.
Буга чейин кылмышка шектүүлөр "Киши өлтүрүү" беренеси менен кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн