Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:44
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кырктан ашкан аял сени керек болсо атып да кетет

29.01.2021 09:26
717
Кырктан ашкан аял сени керек болсо атып да кетет

Жашым өткөн сайын кырктан ашкан аялдарга деген урматым өсүп келет. Анын себеби көп. Мисалы, кырктан ашкан аял эч качан сени түн жарымында ойготуп, "Эмнени ойлоп жатасың?" деп сурабайт. Анын сенин не ойлогонуңа түкүргөнү бар. Эгер кырктан ашкан аялга сени менен бирге отуруп телевизор көрүү кыйын болсо, ал үчүн чачын жулуп, уруш чыгарбайт. Сенин жаныңда убакытын жоготкончо, өзүнө жаккан иш менен алектенет. Жана көбүнчө ал алектенген иш - сенин телевизоруңан алдаканча пайдалуу, ары кызыктуу болуп чыгат. 


Кырктан ашкан аял өзүн өтө жакшы билет. Өзүнө өтө ишенимдүү. Ким болгусу, не жасагысы келгенин да анык билет. Ким менен, не каалаганын да накта билет. Мындай жаштагы аялдардын көпчүлүгүн сенин ал тууралуу, же ал иштеп жаткан иш жөнүндө пикириң кызыктырбайт. Кырктан ашкан аялдар өтө намысчыл. Ресторанда же театрда отурганда сенин мээңди ачып, уруш-талаш чыгарбайт. Албетте, эгер өзүң күнөөлүү болуп турсаң, ал жазаланбаганына анык көзү жетсе, эч ким көрбөгөн жерде сени керек болсо, атып да кете алат. Кырктан ашкан аялдар мактоо сөзгө жоомарт келет. Көбүнчө ылайыксыз мактай берет. Себеби, алар жакшылыкты кадырлабоонун не экенин жакшы билет. 


Кырктан ашкан аялдар сени курбулары менен тез тааныштырат. Анткени, өзүнө ишенимдүү. Жаш кыздар шеригин курбуларына тааныштырууга шашылбайт. Себеби, шеригине ишеним болбойт. 


Кырктан ашкан аялга сен анын курбуларын сулуу деп мактасаң да баары бир. Ал өз курбулары аны эч качан сатып кетпегенин жакшы билет.  


Кырктан ашкан аялдардын сезгичтиги өткүр. Анын алдында шылтоо айтып чеченсинүүнүн кажети жок. Алар ансыз да сен тууралуу баарын билет. Кырктан ашкан аялдарга кыпкызыл помада керемет жарашат. Көзүнүн айланасындагы бирин-серин түшкөн тырышын байкабоого тырышасың, кырктан ашкан аялдардын жаш кыздарга караганда алдаканча чырайлуу, тартымдуу, өзүңдү байкатпай ээлеп ала турган бир кудурети болот. 


Кырктан ашкан аялдар дайым ачык, анан  жалган сүйлөбөйт. Эгер сен акмак болсоң, өзүңдү мал сыяктуу кармасаң, аныңды бетиңе эле айтат. Ал сен тууралуу не ойлоп калды экен деп эч качан кыйналбайсың. Ошондуктан кырктан ашкан аялдарды урматтоонун себеби көп...

Которгон: Б.Дүйшөбаева

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн