Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кышкы каникул узартылгандыгына байланыштуу жазгы каникул кыскартылды

09.01.2023 18:58
1292
Кышкы каникул узартылгандыгына байланыштуу жазгы каникул кыскартылды


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекция ооруларынын андан ары жайылышына жол бербөө сунушунун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аба ырайынын температурасынын кескин төмөндөшүнүн күтүлүүчү шарттары боюнча маалыматынын негизинде окуучулардын кышкы каникулун 2023-жылдын 15-январына чейин узартуу жөнүндө буйрук чыгарды. 


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы № 1529/1 буйругу менен бекитилген “2022-2023-окуу жылына карата Базистик окуу пландарынын Түшүндүрмө катынын” “Уюштуруу иш-чаралары” бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолор киргизилет:


- кышкы - 17 календардык күн: 2022-жылдын 30-декабрынан башталып, 2023-жылдын 15-январына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 16-январынан башталат;

- жазгы - 5 календардык күн: 2023-жылдын 22-мартынан башталып, 26-мартына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 27-мартынан башталат. 


Мектепке чейинки билим берүү уюмдары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык иш жүргүзөт.



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бегимай
Кышкы каникул узартылсун