Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси талкууланды

06.09.2022 11:35
785
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчисин Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө, соода-экономикалык кызматташтыкты жигердендирүү, КЭРдин Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча пикир алмашты.

Министр Ж. Кулубаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун иш жүзүнө ашыруунун практикалык чараларынын маанилүүлүгүн, жолдун келечегин жана аймактагы өз ара байланыштуулукту күчөтүүчү бийик транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин ылайыкташтыруу, Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү боюнча маселелер жана пландар талкууланды.

Көп тараптуу кызматташууда алдыдагы ШКУнун саммитинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагындагы жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөштү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн