Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кытай башчысы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду куттуктады

12.01.2021 18:12
717
Кытай башчысы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду куттуктады

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президенти кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы билдирди.


"Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Сиз менен биргелешип “Бир алкак - бир жол" долбоорун куруунун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жаатында чогуу аракеттерди жумшоого даярмын", - деп белгиленет куттуктоосунда.


Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта чоң жетишкендиктерди, өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт-таалай каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн