Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кытай бийлиги уйгурлардын жана башка улуттардын төрөлүүсүн чектей баштады

29.06.2020 16:58
654
Кытай бийлиги уйгурлардын жана башка улуттардын төрөлүүсүн чектей баштады


Кытай бийликтери Синьцзяндагы уйгурлардын жана башка улуттук азчылыктардын төрөлүүсүн чектеп жатат деп билдирди бүгүн, 29-июнда Ассошиейтед Пресс агенттиги.


Маалыматта, кытай бийликтери улуттук азчылыктардын аялзат өкүлдөрүн кош бойлуулукка тынымсыз тестирлөө менен аларды аборт жасатууга жана жатын түтүкчөлөрүн байлатууга мажбурлап жатат деп айтылат. Төрөлүүнү чектөө боюнча чараларды бузгандар тарбиялык лагерлерге жөнөтүлүшү же ири өлчөмдөгү айып пулдарды төлөөлөрү мүмкүн.


Мисалы, этникалык казак Гүлнара Омүрзак үч балалуу болгондон кийин аны жатын моюнчасына спираль салдырууга милдеттендиришкен. Андан соң бийлик өкүлдөрү келип, 2,6 миң долларга жакын айып пул төлөбөсөң туугандарың отурган тарбиялоо лагерине жөнөтүлөсүн деп опузалашкан. Кайра тарбиялоо лагерлерин Кытай 2018-жылдын октябрь айында легалдаштырган. Мыйзам боюнча аларга экстремизмге шектелген жарандар жөнөтүлөт. Ага түшкөндөрдүн ар бир кадамы катуу көзөмөлдө болот.


Мына ушундай саясаттын натыйжасында уйгурлар жана майда улуттар жашаган аймактарда балдардын төрөлүүсү 2015-жылдан 2018-жылга чейин 60%га азайып кеткен. Расмий бийликтер бул чаралар кытайлар менен этникалык азчылыктардын укуктарын теңдеп жатат деп билдиришүүдө.


Арийне эске салсак, Кытайда “бир үй-бүлө – бир бала” саясаты 2015-жылдан тарта жокко чыгарылган деп эсептелет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн