Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кытай элчиси: Кытай Кыргызстанга коопсуздук тармагына 50 миллион юань бөлөт

11.02.2022 16:17
790
Кытай элчиси: Кытай Кыргызстанга коопсуздук тармагына 50 миллион юань бөлөт

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь “Кабар” агенттигине берген маегинде кытай тарап Кыргызстанга 50 млн кытай юаны суммасына коопсуздук жаатына жардам бере турганын убада кылганын билдирди.


Ошондой эле элчи КР президентинин Кытайга иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлери эки тараптын тең эл аралык жана аймактык иштерде координацияны жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана эл аралык адилеттүүлүктү биргелешип коргоо, ошондой эле коопсуздук, терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү, коопсуздукту камсыздоо жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлин ар тараптуу жогорулатууга даяр экендиктерин жана аймактын коопсуздугу жаатында кызматташууга чечкиндүүлүктөрүн билдиришкендигин белгиледи.


Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-6-февраль аралыгында иш сапары менен Кытайга барып келген. Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.


Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.


Булак: kabar.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн