Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 06:40
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Кытай илимпоздору боордун рак оорусуна каршы табигый каражат табышты

08.04.2025 13:10
316
Кытай илимпоздору боордун рак оорусуна каршы табигый каражат табышты


Тяньцзинь университетинин изилдөөчүлөр тобу силибинин деп аталган табигый кошулма боор рагынын өсүшүн баса аларын аныкташты. Бул тууралуу Кытайдын “ЭКД” маалымат агенттиги жазды.


Маалыматка караганда, бул зат шишик клеткалары үчүн энергиянын маанилүү булагы болгон лактаттын (клеткадагы зат алмашуунун продуктусу) иштөө механизмин бузат.


Илимпоздор боор рагы активдүү лактат колдоноорун аныкташкан. Бул шишиктин өсүшүнө жардам берет жана организмдин иммундук реакциясын басат. Лактатты көчүрүү MCT1 белогу аркылуу ишке ашырылат. Салттуу кытай дары чөбүнөн алынган сибилинин MCT1`дин иштөөсүн бөгөттөйт.


Эксперименттер бул ыкманын клетка өсүмдүктөрүндө жана лабораториялык жаныбарларда натыйжалуулугун тастыктады.


Илимпоздор бул ачылыш шишиктеги зат алмашууну тереңдетип гана тим болбостон, терапиянын жаңы ыкмаларын иштеп чыгууну да жакындатканын баса белгилешет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн