Кытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары убактылуу жабыла турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Анын айтымында, Кытай Эл Республикасында өтүүчү фестивалга байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен 2025-жылдын 31-майында мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автодорожный» жана «Эркечтам-автодорожный» унаа өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
1-июндан тарта бул өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү кадимки режимде жанданат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн