Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кытай төрагасы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

06.12.2022 13:34
562
Кытай төрагасы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.


"Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Сиз менен жолугушууну ийгиликтүү өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана "Бир алкак - бир жол" демилгесин биргелешип куруу боюнча терең пикир алмаштык жана маанилүү консенсуска жетиштик, муну менен кытай-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн жаңы багыты жана планы белгиленди.


Кытай менен Кыргызстан - ынак коңшу, жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам жана Сиз менен болгон жеке достугубузду жана жакшы иштиктүү байланышыбызды жогору баалайм жана биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кытай-кыргыз мамилелерин илгерилетүү, жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн Сиз менен биргелешкен күч-аракетти жумшоого даярмын", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык иштерине ийгилик каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн