Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:41
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кытайдагы эң бай миллиардер дайынсыз жоголду

05.01.2021 10:55
533
Кытайдагы эң бай миллиардер дайынсыз жоголду


Дүйнөлүк миллиардерлердин бири Джек Ма Кытай бийлигин сынга алгандан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар  жазып чыкты. 


Буга карабай расмий Бээжин анын интернет аркылуу өзгөчө ири көлөмдө соода-сатык уюштуруп келген Джек Мага таандык «Alibaba Group» компаниясын кысымга алуусун улантып жатат.


Белгилей кетсек, Джэк Ма 2018-жылдын ноябрында «Форбс» журналы тарабынан 35,8 млрд доллардын наркы бар байлыктын ээси болгон ишкер катары жарыяланган. Ал дүйнөдөгү эң бай 18-киши болуп калган.


Эми 2020-жылдын октябрынын акырынан тартып Жэк Ма коомчулук алдында эч бир жолу чыкпагандыгы тынчсызданууну туудурууда. Акыркы жолу ал Шанхайдагы ири экономикалык жыйынга катышып, анда Кытайдын базар мамилелерин жөндөөчү мекемесин курч сындап сөз сүйлөгөн.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн