Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кытайдан 14 млн сомдук техника мыйзамсыз алып келинген

Кытайдан 14 млн сомдук техника мыйзамсыз алып келинген

Кытайдан мунай тармагында колдонулган 14,3 млн сомдук техника мыйзамсыз алып келинген. Бул утуралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, "Түштүк-Батыш" бажысынын "Жалал-Абад" бажылык башкаруу борборунун Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Кытайдан алуучу "С.Д." ЖЧКнын дарегине келип түшкөн товарларды анык эмес декларациялоо фактысы аныкталган.


Бажы тариздөө үчүн берилген документке (эсеп-фактурага) ылайык, товарлардын 2 бирдиги – "мунай тармагында колдонуу үчүн сордургуч түзүлүштөр" декларацияланган. Бирок бажылык текшерип кароо учурунда 3 бирдик аныкталган.


Кармалган товардын жалпы баасы 14 млн 365 миң 788 сомду түзгөн.


Аталган факт каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн