Кытайдан Өзбекстанга Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларды жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын «Манас» МБК бажысы менен бирдикте Бишкек шаарындагы почта ишканаларынын биринин дарегине Кытайдан келген Өзбекстан Республикасынын алкоголдук продукциясына жасалма акциздик маркалары аныктады.
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймагына контрабанда менен алектенген топтун бардык байланыштарын аныктоо максатында Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Мамлекеттик бажы комитетинин биргелешкен аракеттери менен иш-чаралар жүргүзүлүп, ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймагында бир катар жарандар кармалган.
Бул иш-чаралар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы этабын көрсөтүп, достук жана жакшы коңшулук мамилелерди сактоого багытталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн