Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:10
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кытайдан эт алып келүүгө тыюу салынды

24.01.2020 12:16
785
Кытайдан эт алып келүүгө тыюу салынды


Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча малекеттик агенттиги эпидемиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында чек арадагы ветеринардык текшерүү пункттарында жана жана аэропорттордо текшерүүнү күчөткөнүн билдирди.

Дүйнө жүзү тынчсызданып жаткан коронавирус боюнча кырдаал турукташканча Кытайдан эт жана эт продукцияларын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди.

Ошондой эле аталган мекемеден билдиришкендей Кыргызстанга Кытайдан коронавирус жуктурулган эт келип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Мамветинспекциянын маалыматы боюнча, 2020-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын аймагына Кытайдан эт ташылып келе элек.

Ушундан улам кошумчалай кетсек, Кыргызстан мал киндиктүү жер. Өзүбүздү толук эт менен камсыз кылганга малыбыз деле жетиштүү. Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2018-жылды алсак, 812 596 уй, 1 млн.  627256 миң кой-эчки, 498 684 миң  жылкыбыз бар. Анан эмне эле этти сырттан ташып келебиз?

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн