Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:35
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кытайлык дарыгерлер кайсы даректе көзгө бекер операция жасашат? (дареги)

01.08.2023 14:25
486
Кытайлык дарыгерлер кайсы даректе көзгө бекер операция жасашат? (дареги)


Борбор калаадагы 12-26-сентябрда кытайлык офтальмологдор элдин көзүн текшерип (катаракта илдети боюнча) жана зарыл болсо операция жасайт. Алдын ала текшерилүү жана жазылуу Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында болот.


Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы операциянын кайсы жерде жасаларын жана анын шарттарын кошумча билдирди.


Мурда берилген маалыматтарда кытайлык адистерден турган топтун Бишкекте 300, Ош калаасында 300 адамдын көзүнө операция жасары белгиленген. 


"Улуттук госпиталдын Көздүн микрохирургиясы боюнча №1 жана №2 бөлүмдөрүндө сентябрдын 12синен 26сына чейин кытайлык офтальмологдор элдин көзүн текшерип жана операция жасайт", — деп айтылган билдирүүдө.


Пациенттерди алдын ала текшерип жана каттоо Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында, 7-августтан 8-сентябрга чейин Тоголок Молдо көчөсү, 1/7 дареги боюнча жүргүзүлөт. Каалоочулар дүйшөмбүдөн ишембиге дейре, саат 9.00дөн 17.00гө чейин келсе болорун кабарлады.


"Келгендердин жанында ким экендигин аныктаган документи жана күбөлүктөрү (пенсионерлигин, майыптыгы бардыгын, баатыр эне экендигин ж.б. күбөлөндүргөн) болушу керек", — деп айтты министрликтен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн