Бирдин айы 06, 2025
Убакыт: 17:55
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.890
0.920

Кытайлык компания Кыргызстанда жер семирткич чыгаруучу завод курат

Кытайлык компания Кыргызстанда жер семирткич чыгаруучу завод курат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын бизнес коомчулугунун консультативдик жолугушуусу өттү.


Пекиндеги жолугушуу инвестициялык кызматташуунун келечегин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Жолугушууда заманбап айыл чарба өнөр жайы үчүн кыргыз-кытай көргөзмө паркын куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.


Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен “Хэбэй Бай Доу Жиа” ЖЧКсынын ортосунда кошумча протоколго кол коюлуп, долбоорго инвестициянын көлөмү 260 миллион АКШ долларынан 410 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Долбоордо минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу каралган, бул Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.


Эске салсак, 2017-жылдан бери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кытайлык өнөктөштөр менен минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.


Белгилей кестек, 2019-жылы Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунун алкагында кытайлык “Хэбэй Бай Доу Цзя” компаниясы менен завод куруу боюнча меморандумга кол коюлган, ал эми 2023-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 260 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялык макулдашууга кол коюлган.


Ошондой эле «Кыргызстандагы «Бир алкак, бир жол» жашыл индустриалдык паркы» долбоорунун алкагында «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсы менен China Railway Express Silk Road International (Shaanxi) Operation Co., Ltd. менен 1 миллиард юандык келишимге, ошондой эле Changshu Silk Road Import Export Trade Co., Ltd. менен 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө келишимге кол коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн