Бугу 02, 2024
Убакыт: 14:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кытайлык компаниялар менен Казарман ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге кол коюлду

28.07.2023 09:25
624
Кытайлык компаниялар менен Казарман ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге кол коюлду


Кечээ, 27-июлда"Ысык Көл-2023" Эл аралык экономикалык форумунун алкагында Казарман ГЭСтер каскадын куруу боюнча кытайлык компаниялардын консорциуму менен меморандумга жана инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимге КР Энергетика министрлиги менен Кытайдын "Green Gold Energy", "China Railway 20 Bureau Co Ltd" жана "PowerChina Northwest Engineering Corporation Limited" компанияларынын консорциумунун ортосунда кол коюлду.

Келишимге ылайык, кытайлык компаниялардын консорциуму жалпы кубаттуулугу 1160 МВт төмөндөгүдөй 4 ГЭСтен турган каскадды курушат:

- Ала-Буга ГЭСи - 600 МВт;
- Кара-Булуң-1 ГЭСи -149 МВт;
- Кара-Булуң-2 ГЭСи -163 МВ;
- Тогуз-Торо ГЭСи - 248 МВ.

Мындан тышкары, Энергетика министрлиги менен кытайлык компаниялардын консорциумунун ортосунда Казарман ГЭСтер каскадын долбоорлоо жана эксплуатациялоо тууралуу инвестициялык келишимге кол коюлду.

Кол коюлган келишимдин максаты Кыргызстандын гидроэнергетикалык объектилерди куруу менен биргеликте электр энергиясына болгон тартыштыктан чыгуу болуп саналат.

Белгиленгендей, техникалык-экономикалык негиздеме 2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 30-сентябрына чейин иштелип чыгат. Ал эми планга ылайык, курулуш иштери 2024-жылдын 1-декабрында башталып, курулушту 2030-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн