«Алибаба» жана «Жек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардамдын экинчи партиясын беришти. Бул тууралуу 1-майда республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-апрелде Бишкекке Кытайдан ПЧР-тест жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар түрүндө гумжардамдын экинчи партиясы келген.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде аталган фонддор тарабынан коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде гуманитардык жардам келген болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн