Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыяс Молдокасымов: Жаңы табылга! Тез окугула өчүп калат!

25.01.2021 09:18
1416
Кыяс Молдокасымов: Жаңы табылга! Тез окугула өчүп калат!

Жаңы табылга!

Тез окугула өчүп калат!

Залкар манасчы Тыныбек Жапый уулу бий болгонбу?  Архивдик документтер аны тастыктайбы?

Алматыдагы архивден залкар манасчы Тыныбек Жапый уулуна байланыштуу көптөгөн архивдик документтерди тапса болот. Ачыгын айталы, залкар акын, манасчы жана башка чыгаан таланттардын, белгилүү инсандардын өмүр таржымалы архивдерден атайын изилденбей келет. Көбүнчө божомол, жоромолго таянып жазган баяндарга мааракелерге күбө болуп келебиз. Биз башка инсандар менен бирге эле улуу манасчы тууралуу да өз убагында изилдеп, бир топ архивдик документтерди жыйноого аракет кылганбыз. 

Эң башкысы архивдик документтер менен манасчынын туулган жылы менен өлгөн жылы буга чейинки маалыматтар менен дал келээрин баса белгилегим келет. Бир гана документте анын туулган жылы 1847-жыл деп көргөзүлсө, калган бардык документтерде 1846-жыл экени дал келет. Анын каза болгон жылын так тастыктаган документ азырынча колубузга тийе элек болсо да 1902-жылы 56 жашында каза болгону чындыкка жакын. Ал тууралуу төмөндө кеп болот.

Манасчы Тыныбек Жапый уулунун өмүр баянында анын бий болгону жазылат. Архивдик документтерде ал тастыкталды. Каарманыбыз биринчи жолу Он-Арча болуштугунун 7-айылына 1888-жылы бий болуу үчүн ат салышат. Бирок ал шайлоо учурунда ага чейин бий болуп келген Арзыбек Абыл уулунан утулуп калган. Бул шайлоого чейин ал элүү башчы болгонун да ушул эле документтен көрөбүз. Шайлоодо ага 8 ак таш, 23 кара таш ташталып утулуп калган. Атаандашы 40 жаштагы Арзыбек Абыл уулу андан бир жаш кичүү болуп, ага 18 ак таш, 14 кара таш салынып утуп алган. 

Бирок Тыныбек Жапый уулу 51 жашында, 1897-жылдан баштап (азырынча биздин колубуздагы архивдик документ боюнча), Он-Арча болушунун 4-айылына бий болуп шайланып, анын орун басарлыгына 37 жаштагы Деркембай Арзыбек уулу кошо шайланган. Ал кийинки мөөнөткө, 1900-жылы дагы үч жылга (1901-1904ж.ж.) 4-айылга кайрадан бий болуп шайланган. Орун басары болуп кайрадан эле Деркембай Арзыбек уулу кошо шайланган. Бул шайлоодо добуш берген элүү башчылардын бири 7-айылда жашаган Чоро Айт уулу. Ал биздин досубуз, кыргыздын чыгаан тарыхчысы Тынчтыкбек Чоротегиндин чоң атасы болот. Тиркелген архивдик документте Чоро Айтов деп ысмы жана мөөрү көргөзүлүп турат.


1904-жылдын 27-майында Он-Арча болуштугуна кайрадан бийлерди шайлоодо залкар манасчы Тыныбек Жапый уулунун ысмы кезикпейт. Анын ордуна мурда орун басар болуп шайланып келген Деркембай Арзыбек уулун (41 жашта) жана анын орун басары болуп 42 жаштагы Айтпай Тюлесинев (Түлөсүн уулу окшойт -К.М.) шайланган. Демек Тыныбек Жапый уулу 1902-жылы ай тутулган кезде каза болгону чындык.

 Буюрса  Алматыдан анын качан, кайсыл күнү кайтыш болгонун табууга болот. Анткени бий болуп турган адамдын каза болгон күнү так көргөзүлүп, анын ордуна анын орун басары бий болуп дайындалган көптөгөн документтерди кезиктирип жүрөм.  Ал документти табуу келечектин иши.

1910-жылдагы шайлоодо 4-айылдын бийи болуп Тыныбектин 42 жашар уулу Сооромбай, анын орун басарлыгына Айтпай Тюлесинов шайланган. Демек залкар манасчынын уулу Сооромбай да бий болгон деген маалыматтарды архивдик документ да тастыктайт. 

Алматыдагы архивден ушундай кызыктуу документтерди табууга болот. Кийинки сөз улуу акын Арстанбек Буйлаш уулунун бий болгонун тастыктаган архивдик документ тууралуу болмокчу.


Кыяс Молдокасымов, тарыхчы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн