Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 10:28
USD
84.10
84.60
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Кийимдери каналдын жээгинен табылган. Аламүдүндө 69 жаштагы аял изделүүдө

25.01.2022 10:04
793
Кийимдери каналдын жээгинен табылган. Аламүдүндө 69 жаштагы аял изделүүдө

Аламүдүндө дайынсыз жоголгон аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Мурас-Ордо конушунун тургуну, 1953-жылы туулган А.А. аттуу аял 23-январь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

24-январь күнү аталган жарандын кийимдери Калыс-Ордо конушунда айланма унаа жол менен Чоң Чүй каналынын кесилишиндеги көпүрөнүн астынан табылган. Жерине 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып издөө иштери жүргүзүлгөн.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн